Загрузка документа…
ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июну № 30/2
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнγндөгγ» мыйзамынын талаптарына ылайык Гүлчө айылынын «Таза-Суу» менен камсыз болушунун абалы жөнүндѳ
Гүлчө айылдык кеңешинин саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-бγлөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын калкынын Таза-Суу менен камсыз болушу боюнча аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылсын.
2. Таза-Суунун төлөмдөрүн чогултуу жана аны сарамжалдуу мыйзам чегинде пайдалануу жагы «Гүлша-Суу» ИСКАКБнын жетекчиси А. Иманахуновго милдеттендирилсин.
3. Калкты таза суу менен камсыз кылууда калктан таза суу үчүн төлөмдөрдү топтоого жакындан жардам берүү жагы айыл өкмөт башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |