Загрузка документа…
ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июну № 30/3
Гүлчө айылындагы Чыйырчык ашуусуна ДЭП-959 ишканасынын жолчуларынын иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө, жол коопсуздугун алдын алууга жолчулар үчүн үй курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировдун билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Чыйырчык ашуусунда иштеген жол тазалоочу жумушчуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана кыш мезгилинде транспорт кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо максатында Чыйрчык ашуусуна жумушчулар үчүн ысынуу, тамактануу үчүн курулуш курууга 1100 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жерди мыйзам чегинде, тиешелүү мекемелер менен биргеликте өлчөп, керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |