Редакцияот 18.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 30-заседаниеси

 

2016-жылдын 18-июну № 30/4

Гүлчө айылындагы аскер шаарчасынан мамлекеттик каттоо кызматынын РЭО ГАИнин имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировдун билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн калкына жана Жалы райондун элине ыңгайлуу шарт түзүү максатында Гүлчө айылынын Аскер шаарчасынан мамлекеттик каттоо кызматынын имаратын куруу үчүн мыйзам чегинде, тиешелүү мекемелер менен биргеликте 500 чарчы метр жер участогун берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.

2. Жерди мыйзам чегинде, тиешелүү мекемелер менен биргеликте өлчөп, керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ш. Жапанов