ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 30-заседаниеси
2016-жылдын 18-июну № 30/6
Гүлчө айылындагы Чапаев көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум М. Маматалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Чапаев көчөсүнүн аты өзгөртүлүп ага маркум Мамыт Маматалиевдин аты ыйгарылсын.
2. Көчөнүн аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу көчөнүн аты жана номери жазылган табличкаларды алмаштыруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |