Загрузка документа…
ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июну № 30/7
Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин атын өзгөртүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 мыйзамынын 8-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин аты өзгөртүлүп Райымкулов Жумаш атындагы № 67 кесиптик лицей деп аталсын.
2. Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин атын Райымкулов Жумаш атындагы № 67 кесиптик лицей деп атоону Алай райондук мамлекекеттик администрациясынын колдоосуна сунушталсын.
3. Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейдин аты өзгөрүлүп Райымкулов Жумаш атындагы № 67 кесиптик лицей деп аталгандыгына байланыштуу анын юридикалык документтерин тактоо, мөөр жана штамптарды өзгөртүү жагы лицейдин директору Ж. Мурзалиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |