Загрузка документа…
ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июну № 30/10
Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү убактылуу райондун башчылыгына дайындалган жетекчилерге арналган муниципалдык үйдү Гүлчө-Тазалык ишканасына контора жана техникаларын коюп туруу максатында убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Каришовдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү убактылуу райондун башчылыгына дайындалган жетекчилерге арналган муниципалдык үй учурда эч ким жашабай кароосуз калгандыктан муктаждыкка жараша Гүлчө-Тазалык ишканасына контора жана техникаларын коюп туруу максатында өткөрүлүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин мыйзам чегинде тактоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
3. Өткөрүлүп берилген муниципиалдык үйдү максаттуу пайдалануу Гүлчө Тазалык ишканасынын жетекчиси Э. Тажиковдун жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |