ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 30-заседаниеси
2016-жылдын 18-июну № 30/12
Гүлчө айылынын борбордук стадиондун жанына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Калмаматов тарабынан курулган жаштардын минифутбол аянтчасын Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын борбордук стадионунун жанына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Калмаматов тарабынан курулган жаштардын минифутбол аянтчасын Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Гүлчө айылындагы жаштардын минифутбол аянтчасын мыйзам чегинде кабыл алуу. Мыйзамдуу инвентаризациялоо менен кириш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго жана ФЭБ башчысы М. Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылынын жаштарын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп, өз каражатынын эсебинен минифутбол аянтчасын куруп берген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж. Калмаматовга Гүлчө айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин атынан ыраазычылык кат берилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |