Загрузка документа…
ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июну № 30/13
Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансасында турган Гүлчө айылынын борбордук стадиондун жанына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Калмаматов тарабынан курулган жаштардын минифутбол аянтчасын убактылуу иштетүү үчүн берүү боюнча
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Гүлчө айылынын борбордук стадионунун жанына Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Жыргалбек Калмаматов тарабынан курулган жаштардын минифутбол аянтчасы 5 (беш) жылдык мөөнөттө Азимбек Самиевге берилсин.
2. Мини футбол аянтчасына футбол ойноо үчүн 1 (бир) саатына 300 (үч жүз) сомдон, ал эми аренда акысы айына 2000 (эки миң) сомдон чектелип берилсин.
3. Футбол аянтчанын ичин ремонттоо, жумушчулардын акысын, жер салыктарын, жарыктандыруучу төлөмдөрүн төлөө ижарага алуучу А. Самиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |