Редакцияот 18.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 30-заседаниеси

 

2016-жылдын 18-июну № 30/15

Гүлчө Тазалык ишканасына бөлүнүп берилген таштанды таштоочу жайды талапка ылайык жасоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Гүлчө Тазалык ишканасынын жетекчиси Э. Тажиковдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө Тазалык ишканасына бөлүнүп берилген таштанды таштоочу жайды айланасын тосуп талапка ылайык келтирүү үчүн 387600 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ш. Жапанов