Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-январы № 03
Кара-Ой айыл аймагындагы К. Бектенов атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жѳнγндѳ
Кара-Ой айылдык аймактын кеңешинин XXVI чакырылышындагы кезектеги XXI сессиясында Кара-Ой айыл аймагынын К. Бектенов атындагы орто мектебинин терезелерин пластикалык терезелерге алмаштыруу жѳнγндѳ ФЭБ нун башчысы А. Жайнакованын сунушун угуп, талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы К. Бектенов атындагы орто мектебинин терезелеринин эскилиги жеткендигине байланыштуу пластикалык терезелерге алмаштырууга баардыгы 2057344 (эки миллион элγ жети миң γч жγз кырк тѳрт) сом акча каражаттын ичинен 2016-жылдын жергиликтγγ бюджеттин 3111-статьясынан 730000 (жети жγз отуз миң) сом каралсын, калганы 1327344 (бир миллион γч жγз жыйырма жети миң γч жγз кырк тѳрт) сом γлγштγк дем берγγчγ гранттан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтγнγн башчысы К.Т. Тюлегеновко жγктѳлсγн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |