Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-январы № 05
Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын баш оона айынын 21деги № 165 «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынынын 28-беренесине ылайык, айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнун башчысы А. Жайнакованын айыл ѳкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, социалдык жактан колдоо максатында, кызмат акыларына кошумча 30 % өлчөмүндө акча-каражаты кошулсун. (тиркеме тиркелет)
2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К. Тюлегеновго жана ФЭБнун башчысы А. Жайнаковага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |