Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-январы № 06
«2016-жылдын үчтүн айынын 1не карата Кара-Ой айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча- каражаттары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Кара-Ой айыл аймагынын 2016-жылдын январь айынын 1не карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттын чыгымдарга бөлүп берүү маселесин карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын январь айынын 1не карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 455,8 (тѳрт жүз элүү беш миӊ сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен жыл ичинде төмөндөгүдөй чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
- Жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү иштерине 455,8 (тѳрт жүз элүү беш миӊ сегиз жүз) сом.
2. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн электр жарыгын колдонуу боюнча лимити тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик - укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К. Тюлегеновго жана ФЭБнун башчысы А. Жайнаковага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |