Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-январы № 10
Кошумча эмгек штаттык бирдик алуу жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ экономист-статист, мектептин алма-багынын кароолчу-багбанчысын жана «Айыл-Келечеги» бала-бакчасынын директору Н. Соодокееванын сураныч катынын негизинде, тарбиячынын жардамчысы кошумча штаттык бирдик алуу максатында, Кара-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ контракттык негизде, экономист-статист, мектептин алма-багынын кароолчу-багбанчысы жана «Айыл-Келечеги» бала-бакчасына тарбиячынын жардамчысы кошумча штаттык бирдик алынсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жана келишим түзүү жагы, Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К. Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |