Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-марты № 01
Пост МАИдеги айып салынуучу унаа токтотуучу жайынын тарифин бекитүү жөнүндө
Пост МАИдеги айып салынуучу унаа токтотуучу жайынын тарифин бекитүүдѳ жана ижарачы Т.С. Мусаевдин арызын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагында жайгашкан, пост МАИдеги айып салынуучу унаа токтотуучу жайына, ар кандай жол кырсыгынан жана жол эрежелерин бузган айдоочулардын авто-унаалары үчүн, бир саатка 3,50 (үч сом элүү тыйын) ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Пост МАИдеги айып салынуучу унаа токтотуучу жайынын жер салыгы ижарачы тарабынан, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ ар жыл сайын тѳлѳѳ жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |