Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-марты № 11
Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун айыл чарба техникаларга кызмат кѳрсѳтүүлѳр боюнча тарифин кѳтѳрүү жөнүндө
Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун суранычынын негизинде, Кара-Ой айылдык кеңеши карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн балансында турган микроавтобус жана айыл чарба техникаларынын кызматы унаа тетиктери кымбаттап кеткендигине байланыштуу кызмат кѳрсѳтүү тарифтери тѳмѳндѳгүдѳй баада бекитилсин:
МТЗ-80 жер айдоодо 1,0 га 800 (сегиз жүз) сом, 30 литр, ал эми малалоодо 1,0 га 550 (беш жүз элүү) сом,15 литр;
МТЗ-82 себүүдѳ 1,0 га 300 (үч жүз) сом, 10/15 литр;
Автовышка кызматы: ГАЗ 53-12 кызмат кѳрсѳтүүдѳ бир саатына 1200 (бир миӊ эки жүз) сом, ал эми жумуш жасоодо 1500 (бир миӊ беш жүз) сом;
Микроавтобус кызматы: Мерседес-Бенц-Ысык-Кѳл областынын ичине 4000 (тѳрт миӊ) сом, Бишкек, Чүй областы, Кочкор районуна чейин 6000 (алты миӊ) сом, ал эми Долон жана Тѳѳ ашууларынан ѳтүүгѳ уруксаат берилбесин;
Таштанды чыгаруу кызматы: Мусоровоз-кардарлар ѳзүлѳрү чыгарса бир рейс үчүн 1000 (бир миӊ) сом, келишимдин негизинде бир контейнер үчγн 350 (үч жүз элүү) сом, айыл аймагындагы бир түтүндѳн 7 айга 60 (алтымыш) сом, ал эми 5 айга 30(отуз) сом жыйынтыгында 570 (беш жүз жетимиш) сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына жана «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К. Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |