КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги жыйырма тѳртγнчγ сессиясы
2016-жылдын 16-майы
3000000 (үч миллион) сом байге жөнүндө
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык жана 2015-жылдын октябрь айынын 2ги № 435-б буйругунун негизинде, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ келген 3000000 (үч миллион) сом байгени бѳлүштүрүү максатында, Кара-Ой айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтү 2014-жылдын жыйынтыгы менен 2015-жылы «Эӊ мыкты айыл ѳкмѳтү» наамына жалпы мамлекеттик конкурстун жеӊүүчүсү болуп 1-орун 3000000 (үч миллион) сом байгеси, айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебине кабыл алынсын жана айыл ѳкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө 2016-жылдын 2-кварталына төмөндөгүдөй беренеге ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Функционалдык классификация | Берене | Бѳлүм | Сумма (миң сом) | ѳздүк эсеп |
70629 | 31122290 | ЖКХ | 2000,0 (мусоровоз)
(мусоровоз) | 4404031251003764 |
70629 | 31122220 | ЖКХ | 734,0 (зерноочиститель) | 4404031251003764 |
70629
| 31112390
| ЖКХ
| 200,0 (ГСВ)
| 4404031251003764 |
70629 | 31131220 | ЖКХ | 66,0 (гүл) | 4404031251003764 |
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К. Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |