Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 1
Айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXVIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы, Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Темирбековдун айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга карата стратегиялык планга өзгөртүүлөрдγ киргизүү жөнүндөгү сунуштамасын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга карата стратегиялык планы толукталган план менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кең-Арал айыл аймагынын башчысы Б. Темирбековга милдеттендирилсин.
Төрага | И. Изаканов |