Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № 10
Жаңы түшкөн көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кең-Арал айылынын жашоочусу Жамангараев Кайназардын жазган арызын карап чыгып талкуулап, Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛ АТ:
1. Кең-Арал айылында жаңы түшкөн ички көчөгө маркум Жамангараев Өмүрзактын ысымы ыйгарылып, аты коюлсун.
2. Жамангараев Өмүрзактын ысымы ыйгарылган ички көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жолду тегиздеп оңдоо иштерин аткаруу жагы Жамангараев Кайназарга милдеттендирилсин.
3. Жамангараев Өмүрзактын атынан жазылган тактайчалар илинсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы өзүмө калтырам.
Төрага | И. Изаканов |