Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-майы № 11
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомуна ылайык Кең-Арал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин.
3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева Г.) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Бейшеналиевага жүктөлсүн.
Төрага | И. Изаканов |