Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 19
Темир айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча каражатын кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын баш оона айынын 21деги № 165 «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Ж. Абдыкадыровтун айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Темир айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Темир айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларына кошумча 15% өлчөмүндө акча каражаты кошуп берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Темир айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дулатовго жана ФЭБнун башчысы Ж. Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Ж. Чыналиев |