Загрузка документа…
ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 15
Жазгы талаа иштерин көзөмөлдөө жөнүндө
Жаздын эрте келишинин жана аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу Темир, Кашат айылдарынын тургундарына үлүшкө бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жерлерин алдын-ала көзөмөлдөө максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 10-мартынан тартып айдоо аянттарына мал жайуга тыюу салынсын.
2. Эгерде үлүш жерлерге 2016-жылдын 10-мартынан тартып мал киргизилсе, актынын негизинде төмөндөгүдөй айып төлөнсүн:
а) бодо мал (жылкы, уй)-1000 сомдон ар бир башка
б) кой, эчки-500 сомдон ар бир башка
в) канаттуулар (тоок, индюк ж.б.)-100 сомдон ар бир башка
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Темир айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дулатовго жана жайыт комитетинин төрагасы К. Мусаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Ж. Чыналиев |