Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 20/2
Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы юридикалык жер салыгынын базалык наркын кѳбѳйтγγ жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 337-беренесинин 6-пунктуна киргизилген сунушка ылайык айыл чарбасына багытталган жер аянттарынын жер салыгын кѳбѳйтγγ жѳнγндѳ мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа райондук башкармалыгынын 14-апрель 2015-жылдагы № 127 катына ылайык салыктардын базалык наркын кѳбѳйтγγ боюнча Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы юридикалык жер салыгынын базалык наркы 10 %ке кѳбѳйтγлсγн.
2. Айыл ѳкмѳтγнγн аймагында 1 га сугат жер аянты 265 сомдон 391,5 сомго, 1 га кайрак жер аянты 95 сомдон 104,5 сомго , 1 га бак аянты 117 сомдон 128, 7 сомго кѳбѳйгѳндγгγ белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин социалдык-маданий, билим берγγ, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык ѳнγгγγнγн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (тѳрагасы Б. Жээнбековго) жана Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевге тапшырылсын.
Төрага | А. Абдыкадыров |