Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-марты № 21\2
Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылга карата бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бѳлγктѳрγн бекитγγ жѳнγндѳ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин социалдык-маданий, билим берγγ, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык ѳнγгγγнγн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 25.02.2016-жыл № 1\2 «Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы абалы жѳнγндѳгγ» протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жыл бюджетинин кирешелер бѳлγгγ 28.376.892 сомго, чыгашалар бѳлγгγ 22.009.292 сомго бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жыл бюджети жѳнγндѳ айыл ѳкмѳтγнγн тургундарына 2013-2014-2015-жылдарга салыштырмалуу бюджетинин абалынын диограммалык, графикалык ѳсγγсγн чагылдыруу менен жана кѳрсѳтмѳлγγ (маалымат, билдирγγ, аныктамалар) бюджеттик окууларды ѳткѳрγγ жагы Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевге жана айыл ѳкмѳтγнγн финансы-экономикалык бѳлγмдγн башчысынын милдетин аткаруучу О. Кожоновага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары А. Мойдуновага жана Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин социалдык-маданий, билим берγγ, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык ѳнγгγγнγн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Б. Жээнбековго) жγктѳлсγн.
4. 2015-жыл 1-Май айылындагы А. Субанов атындагы орто мектебин капиталдык оңдоого тендерден утуп алган “Сити-комплекс” ОсОО 56.000 сом акча каражаты жана социалдык обьектилерге кѳмγр боюнча 31.000 сом жалпысынан 87.000 сом калдык акча каражаты 2016-жыл кайтарылып берилсин.
Төрага | А. Абдыкадыров |