Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-марты № 21\3
Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бѳлγнγшγнγн 07.12.2015-жыл № 01-08-1271 “Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы боюнча кемчилдиктер жѳнγндѳгγ” эскертγγсγн кароо жѳнγндѳ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин социалдык-маданий, билим берγγ, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык ѳнγгγγнγн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 25.02.2016-жыл № 1\3 «Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бѳлγнγшγнγн 07.12.2015-жыл № 01-08-1271 “Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы боюнча кемчилдиктер жѳнγндѳгγ” эскертγγсγн кароо жѳнγндѳгγ» протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги-принциптери жѳнγндѳгγ» Мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнγндѳгγ» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жѳнγндѳгγ” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 16.05.2011-жыл № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жѳнγндѳгγ типтγγ” Жобонун талабына ылайык жγргγзγγ жагы Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевге жана айыл ѳкмѳтγнγн финансы-экономикалык бѳлγмдγн башчысынын милдетин аткаруучу О. Кожоновага тапшырылсын.
2. Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышында кемчилдикке жол берилгендиги γчγн Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевго эскертγγ берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары А. Мойдуновага жγктѳлсγн.
Төрага | А. Абдыкадыров |