Редакцияот 04.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы

 

2016-жылдын 4-февралы № 1

Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин, Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы У.К. Абдыкалыков сунуштаган Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча стратегиялык планынын долбоорун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча стратегиялык планы ѳзгѳртүүлѳрү жана толуктоолору менен бекитилсин. (тиркеме-1)

2. Токтомдун аткарылышы  Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Ысык-Кѳл облустук юстиция башкармалыгынан укуктук-нормативдик актылар реестирине киргизүү жагы суралсын.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

У. Абдырахманов