Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-февралы № 2
«2016-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2016-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттын чыгымдарга бөлүп берүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 4033,9 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен жыл ичинде төмөндөгүдөй чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
- айыл ѳкмөтүнө сатылып алынган айыл чарба техникасы (трактордун Белорус МТЗ) калдык карызы үчүн 1986,0 миң сом;
- мамлекеттик алым төлөө үчүн 150,0 миң сом;
- Бает айылындагы таза суу системасын орнотуудагы калдык карызы үчүн 145,3 миң сом;
- Чок-Тал айылындагы кичи футбол аянтчасын куруудагы калдык карызы үчүн 149,5 миң сом;
- Бает айылына бала бакча салуу үчүн 1578,1 миң сом;
- айланма каражаттын жүгүрүмдүүлүгү үчүн кассага – 25,0 миң сом.
2. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик - укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |