Редакцияот 12.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы

 

2016-жылдын 12-февралы № 4

Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чок -Тал айылына муниципалдык бала бакча куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» мыйзамынын 18-беренесин, Чок-Тал айылынын тургундарынын 13.01.2016-жылдагы № 5 жалпы чогулушунун протоколун карап, айыл аймактын социалдык инфраструктурасын ѳркγндѳтүү максатында, Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чок-Тал айылына муниципалдык бала бакчанын курулушу боюнча сунушу колдоого алынсын.

2. Чоң-Сары-Ой айыл ѳмѳтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго муниципалдык бала бакчанын курулушуна тиешелүү жер тилкесин бѳлүп берүү жана курулуштун долбоорун даярдоо жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Депутаттык иш, этика, мыйзамдуулук, укук коргоо, аскердик тарбия, спорт жана жаштар маселеси боюнча» жана «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук, ѳкмѳттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

У. Абдырахманов