Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-апрели № 5
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү жааматынын Уставынын 37-пунктунун жана Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У. Абдыкалыковдун «Ардактуу атуулу» наамына талапкерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳгү сунушун карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактын социалдык инфраструктурасынын ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн «Human Appeal International UAE» Эл Аралык Гуманитардык Коомунун Кыргызстандагы филиалынын директору Али Айоубка Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Чоӊ-Сары-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго милдеттендирилсин.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук, ѳкмѳттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |