Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016–жылдын 11-февралы № 1
Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо долбоорун бекитүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз экинчи сессиясы, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 45-токтомунун негизинде, Миң-Булак айылдык аймагынын чек араларын белгилеген, ”Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоо долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Ушул материалдардын негизинде тиешелүү каттоо эсебине тактоо киргизүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Ормотоевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Койчубаев |