Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016–жылдын 11-февралы № 2
Миң-Булак айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз экинчи сессиясы, айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон 61,16 гектар кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Аукционду мыйзам чегинде өткөрүү айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Н. Шадыбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Ормотоевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |