Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016–жылдын 11-февралы № 3
Туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз экинчи сессиясы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б. Алымбековдун бул комиссиянын төрагалыгынан өз каалоосу менен баш тарткандыгына байланыштуу маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы төмөндөгүчө түзүлсүн:
1. Турдубаев Марал - комиссиянын төрагасы
2. Алымбеков Бакыт
3. Казакбаев Улан
4. Качиев Эшим
5. Нусубалиев Абдумуталип
6. Уметов Асан
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |