Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016–жылдын 15-январы № 1
“Бакай-Ата райондук шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө”
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз биринчи сессиясы, Миң-Булак айылынын тургуну Анарбаев Асылбек Жумагуловичтин Бакай-Ата райондук шайлоо комиссиясына мүчө болууга талапкерлигин көрсөтүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата райондук шайлоо комиссиясына мүчө болууга Миң-Булак айылынын тургуну Анарбаев Асылбек Жумагуловичтин талапкерлиги сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын БШКга жөнөтүү жагы Анарбаев Асылбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |