Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/3
Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар комитетинин 2015-жылы бош калган акча каражатын бѳлүштүрүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин бухгалтери Ж. Исакованын билдирүусүн угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2015-жылы пайдаланылбай бош калган 157537 миң акча каражаттары тѳмѳндѳгүлѳргѳ каралсын.
1. Жон жайлоосунун сел алып кеткен жолун оңдоого 5000 сом,
2. Семиз-бел айлындагы Каңшаар участкасынын жолун оңдоого 4000 сом,
3. Келишимдин негизинде Кулчунов Жумабекке 24000 сом 4320 сом сом фонд.налогтон калганы 19680 сом,
4. Кызарт жайлоосунун жолдорун оңдогонго 24537 сом,
5. Кыркын пунктунун машинкаларын алууга ѳздүк салым 38000 сом,
6. Купканын документтерин жасатууга 13519сом,
7. 2015-жылы алынбай калган эмгек акы жана соц фондго 25421 сом,
8. Кара-булак Семиз-Бел 15000 сом,
9. Семиз-Бел кѳпүрѳсүнѳ 8060 сом.
II . Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын жайыт пайдалануучулар комитетинин эсепчиси Ж. Исаковага милдеттендирилсин .
Төрага | М. Букамбаев |