Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/6
Кара-Тоо айылы Кара-Тоо айылынын тургуну Адиева Аселдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн Кара-Тоо айылынын тургуну Адиева Аселдин кызы Кабылбекова Даткайым Турция шаарына фестивальга катышып келүүсү боюнча жол киресине айыл ѳкмѳтүнѳн акча каражатын сурап жазган кайрылуусун карап, туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын тургуну Адиева Аселдин кызы Кабылбекова Даткайымга Турция шаарына фестивальга катышып келүү жол киресине 10,000 сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бѳлүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев |