Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/7
Семиз-Бел айылдагы сатылып кеткен бала-бакчаны кайрадан сатып алууга Семиз-Бел айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн Семиз-Бел айылындагы менчикке чыгып кеткен бала - бакчаны кайрадан элге сатып алуу боюнча түзүлгѳн элдик жыйындын протоколун, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылындагы менчикке чыгып кеткен бала-бакчаны айыл ѳкмѳтүнѳ бала - бакча катары сатып алуу жагы суралсын.
2. Бала-бакчаны сатып алуу боюнча мыйзамдуулугун аныктоо Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А. Касымова жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3. Бала-бакчаны сатып алуу боюнча мыйзамдуулугун аныктап чыгууга комиссия түзүп буйрук менен бекитип берүү жана токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев |