Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/8
Кочкор райондук ички иштер бѳлүмүнүн кайрылуу катынын негизинде полигон (ок атуучу аянт) курууга жер берүү жѳнүндѳ
Кочкор райондук ички иштер бѳлүмүнүн 24-февраль 2016-жылдагы № 10/741 кайрылуу катынын негизинде полигон (ок атуучу аянт) курууга жер бѳлүп берүү боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылындагы «Доңуз» участогунан полигон (ок атуучу аянт) курууга туурасы 20м, узуну 70 м, баардыгы 0,14 га жер эски карьердин ордунан бѳлүнүп берилсин.
2. Полигон (ок атуучу аянт) курууга жерин тактап бѳлүп берүү жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | М. Букамбаев |