Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 29/1
Семиз-Бел айыл аймагында ФАП башчыларынын жүргүзгѳн иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП башчыларынын 2015-2016-жылдарга карата жүргүзгѳн иштери жѳнүндѳ жана туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП башчыларынын 2015-2016-жылдарга карата жүргүзгѳн иштери «Канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП кызматкерлери айыл элин сапаттуу тейлѳѳ, социалдык оорулардын алдын алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын ѳз убагында билип туруу, рецеп менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды ѳз учурунда кѳрсѳтүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев |