Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 29/2
Семиз-Бел айыл аймагындагы мал чарбасы жана ветеринардык жактан тейлѳѳ боюнча адисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Мал чарбасы жана ветеринардык жактан тейлѳѳ боюнча адисинин калк арасында мал чарбасындагы малдын жугуучу ооруларын алдын алуу жана жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ туруктуу комиссиянын тѳрагасы Акишов Бурканбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал чарбасы жана ветеринардык жактан тейлѳѳ боюнча жетектѳѳчү адиси М. Исаевдин калк арасында мал чарбасындагы малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу жана жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын тѳрт-түлүк малдарын ветеринардык жактан тейлѳѳ боюнча элге кызмат кѳрсѳтүү эмгек акысынын прейскуранты бекитилсин.
3. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүндѳгү тѳрт түлүк малдардын ылаңдарын алдын алуу боюнча малдарга сайылуучу вакциналардын мѳѳнѳтүң ѳткѳрбѳй сайып, эмдѳѳнү ѳз убагында жүргүзүп, элди тейлеп туруу жагы вет. адис М. Исаевге, жеке вет. сервистер Ө. Исаков, Т. Курманбек уулуна милдеттендирилсин.
4. Семиз-Бел айыл аймагынын элин ветеринардык жактан тейлѳѳдѳ жеке вет.сервистер Ө. Исаковго, Курманбек уулу Теңизбекке аймакташтырып бѳлүп берүү жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | М. Букамбаев |