Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 29/3
Кара-Тоо айылы Семиз-Бел айыл аймагында кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Моңкоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жѳнүндѳ берилген маалымат канааттандырарлык деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагында кѳрктѳндүрүү-жашылдандыруу, ишембиликтерди ѳткѳрүү жана санитардык тазалык абалды сактоо боюнча иш алып баруу жагы айыл башчыларга, мектеп директорлоруна, ФАП башчыларына, клуб, китепкана башчыларына, № 15 кесиптик лицейдин жамаатына тапшырылсын.
3. Семиз-Бел айыл аймагына караштуу айылдарга түнкү жарыктарды орнотууга кете турган акча каражатын тез арада чечип берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э. Моңкоевге жүктѳлсүн.
Төрага | М. Букамбаев |