Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 29/6
Кара-Тоо айылынын Жээк кѳчѳсүнѳ аянтча салууга уруксаат берүү жөнүндө
Кара-Тоо айылынын Жээк кѳчѳсүндѳгү жайгашкан бош жаткан 1100 м. 2 жерге Иманалиев Казынын ѳз каражатынан чакан спорт аянча куруу боюнча айыл ѳкмѳтүнѳ жазган кайрылуусун карап, Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылына караштуу «Жээк» кѳчѳсүндѳгү участогунан эч ким пайдаланбаган 4-04-07-1001-608 кодундагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ тиешелүү 1100 м 2 кв жер участогуна жеке ишкер Иманалиев Казыга чакан спорт аянтча курууга келишимдин негизинде бѳлүнүп берилсин.
2. Бѳлүнүп берилген жер аянтына тиешелүү документтерди бүтүрүү жагы арыз ээсине милдеттендирилсин, Жер участогун жана ген планга ылайык бѳлүп берүү жагы райондук архитектура менен Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
3. Бѳлүнүп бери лген жер аянтынын иш кагаздарын бүтүрүү жана каттоодон ѳткѳрүү жагы бир айлык мѳѳнѳттѳ жүктѳлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев |