Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-майы № 29/7
Кара-Тоо айылы Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар комитетине жаңы сатылып келген кыркын аппаратынын ижарага акысын жана элге кызмат кѳрсѳтүү акысын бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар комитетине жаңы сатылып келген кыркын аппаратынын ижара акысын жана элге кызмат кѳрсѳтүү акысын бекитүγ жѳнүндѳ туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар комитетине АРИС долбоору аркылуу жаңы сатылып келген кыркын аппаратын иштетүү боюнча келишимдин негизинде Байчукуев Жаныбекке ѳткѳрүп берүү жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Ч. Алжанбаевге милдеттендирилсин.
2. 1 (бир) баш койго 30 (отуз) сом ѳлчѳмүндѳ кызмат кѳрсѳтүү акысы алынсын, кызмат кѳрсѳтүүдѳн түшкѳн акча каражатын Байчукуев Жаныбектин эмгек акысы катары пайдаланылсын.
3. Байчукуев Жаныбек келишимдин негизинде бир жылга 13000 (он үч миң) сом ижара акысын тѳлѳп туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Ч. Алжанбаевге тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев |