Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-январы № 2
Кара-Суу айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга чейин тγзγлгѳн стратегиялык ѳнγгγγ планынын Жол Картасын кароо жѳнγндѳ
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтγγ кеңешинин 16-чакырылышынын тѳрагасы К. Иманкуловдун билдирγγсγнγн негизинде Кара-Суу айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга чейин тγзγлгѳн стратегиялык ѳнγгγγ планын баалоонун жыйынтыгы боюнча тγзγлгѳн жумушчу топтун отчетун угуп жана талкуулап, жергиликтγγ кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга чейин тγзγлгѳн стратегиялык ѳнγгγγ планын баалоонун жыйынтыгы боюнча тγзγлгѳн жумушчу топтун отчетун Кара-Суу айыл аймагынын 2014-2017-жылдардын аралыгында тγзγлгѳн стратегиялык планын баалоо боюнча отчетторунун негизинде жаңы ѳнγгγγ планы тγзγлγп чыксын.
2. 2014-17-жылдарга карата жаңы ѳнγгγγ планын тγзγγгѳ жумушчу топтун курамын, иш графигин бекитγγ жагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы К. Уметовго жγктѳлсγн.
Төрага | К. Иманкулов |