Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 3
Кара-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγндѳ жайлоо, күздѳѳ, кыштоо үчүн мал бактыруунун тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын тѳрагасы К. Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кѳчүп-конуу убактысы боюнча 1-майдан 1-октябрга чейин корук уюштурулуп, алыскы жайлоолорго кѳчүп-конуу 1-июндан 1-октябрга чейин камсыз кылынсын. Убактысынан эрте келгендерге административдик чара колдонулсун. Ички жайыттарга чек араларга бирден кароолчу дайындалсын.
2. Мал багуу акылары бодо малга-250 сом, майда жандык кой, эчкиге-30 сомдон ал эми кочкор-текеге100 сом, чабырга-50 сом белгиленсин. Чабыр, Кочкор багууга малчылардан Кудайбергенов Нурсеит жана Ѳмүржазиев Аваздар калтырылсын.
3. Корукка кирген малдын башына бодого 100 (бир жүз), майда жандыктар үчүн 20 (жыйырма) сомдон айып акы алынсын. Камалган мал карышып ѳлсѳ, камаган тарап жоопкерчилик тартпай тургандыгы белгиленсин. Ошондой эле зыян келтирилген үлүш жерлерге келтирилген чыгымды мал ээси толугу менен тѳлѳп берээри милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчы К. Уметовго жана жайыт комитетинин тѳрагасы А. Шаршеналы уулуна жүктѳлсүн.
Төрага | К. Иманкулов |