Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 5
Кара-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн 01.01.2016-жылга карата Жайыт комитетинин бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ
Кара-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Шаршеналу уулу Алтынбектин билдирγγсγн угуп жана талкуулап, жергиликтγγ кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын токтомуна ылайык 2016-жылдын бюджети киреше чыгаша бѳлγгγ сметанын негизинде 640 000 (алты жγз кырк миң) сом менен бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Жайыт комитетинин 01.01.2016-жылга карата жайытка мал жаюуу кγнγнγн узактыгы 280 кγн, жайыт акы бодо мал γчγн 40 сом, тѳлγ 28 сом, майда жандыкка 8 сомдон жана сырттан келген малдардан бодого 80 сом, тѳлγнѳ 56, кой-эчкиге 16 сомдон бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жайыт комитетинин башчысы А. Шаршеналы уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | К. Иманкулов |