ТоктомКүчүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 3 «Кара-Суу айыл аймагынын жерлерин Трансформация кылуу жөнүндө» токтому

Редакция08.04.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 8-апрели № 3

Кара-Суу айыл аймагынын жерлерин Трансформация кылуу жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөмүнүн башчысы Канат Уметовдун сунушунун негизинде «Ак-Тал» өрөөнүнөн инвентаризацияга кирбей калган 1362 контр жериндеги мал сарай жөнүндө талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылынын «Ак-Тал» өрөөнүндөгү мал сарай 1986-жылы салынган (1362 контр) инвентаризацияга кирбей калган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» токтомуна ылайык Карымшаков Койчуманга 0,37 га жер аянтындагы мал сарай жана тамы инвентаризацияланып документтерге буйрук чыгарып берүү жагы Ат-Башы мамлекеттик админстрациясынан суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

Төрага

К. Иманкулов