Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № 4
Кара-Суу айылынын тургуну Чикеева Айнуранын айыл ѳкмѳтγнѳ мал чарбасын ѳнγктγрγγ γчγн там, короо-жай салууга 0,15 га жер сурап жазган арызы жѳнγндѳ
Кара-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн башчысы К. Уметовдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап, жергиликтγγ кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын тургуну Чикеева Айнурага мал чарбасын ѳнγктγрγγ γчγн Ак-Сай ѳрѳѳнγндѳгγ «Ото-Таш, Терек» участкасындагы «Коммунизм» атындагы колхозу тарабынан салынган эски чѳп, тоют топтоочу жайдын (база) орду № 9 контурдагы башка жерлер жер аянтынын ичинде жайгашып, эски бузулган чѳп, тоют топтоочу жайдын орду экендиги аныкталган. Ушул жерден убактылуу пайдаланууга 0,10 га жер аянты трансформацияга сунушталсын.
2. Кара-Суу айылынын тургуну Касымов Асылбекке айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу «Кѳңдѳй» участкасындагы № 2856 контурундагы саздак жер аянтынын ичинен 1,0 га жер аянты трансформацияга сунушталсын.
3. Тиешелγγ укуктук документтери менен камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтγнγн жер, турак-жай адиси М. Абдрахмановго тапшырылсын.
Төрага | К. Иманкулов |