Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 4
Кара-Суу айылынын тургуну жайыт комитетинин тѳрагасы Шаршеналы уулу Алтынбектин Кара-Суу айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу «Таш-Рабат» участкасындагы № 7-контурунун ичиндеги 0,06 га жер аянтына Кара-Суу айыл ѳкмѳтγнѳ тиешелγγ кой купкалоочу ванна салуу γчγн сураган жер аянтын кароо жѳнγндѳ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы К. Иманкуловдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап, жергиликтγγ кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 156-б буйругуна ылайык, тγзγлгѳн жер комиссиясынын 5-апрель 2016-жылдагы № 12-протоколунун негизинде Кара-Суу айылынын тургуну, жайыт комитетинин тѳрагасы Шаршеналы уулу Алтынбектин Кара-Суу айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу «Таш-Рабат» участкасындагы № 7 контурунун ичиндеги 0,06 га жер аянтына Кара-Суу айылына тиешелγγ кой купкалоочу ванна салуу γчγн сураган жер аянты бекитилип берилсин.
2. Токтомдогу жерди карап, тиешелγγ укуктук документтер менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы К. Уметовго жγктѳлсγн.
Төрага | К. Иманкулов |