Редакцияот 26.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVI сессиясынын заседаниясы

 

2016-жылдын 26-майы № XXXVI-6

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын XXX сессиясынын отурумунун 2016-жылдын 20-январындагы № XXX-2 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 10-бөлүгүнө таянып, Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № XXX-2 сандуу токтомун жокко чыгаруу максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз  IV чакырылышынын XXX  сессиясынын отурумунун 2016-жылдын 20-январындагы  № XXX-2 токтому жокко чыгарылсын.

2. Токтомдун көчүрмөсү маалымат катары Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров