Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-майы № 11/3
Орозбеков айыл аймагында үч наристелүү болгон үй-бүлѳөгө жардам берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Орозбеков айылынын Учкун участкасынын тургундары, жаш үй-бүлөѳ Минполотов Мирланбек Акматбекович менен Атабекова Зейнеп Мурзаевна үч наристелүү болгондугуна байланыштуу, айыл өкмөтү тарабынан 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты жана эки уулуна эки жер участогу берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |