Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 12/2
Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Алиевдин отчетун угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбековайыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында киреше жана чыгыша сметаларынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылдын экинчи жарым жылдыгына киргизилген өзгөртүүлөр толугу менен аткарылсын
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Эргешов |